Logo

«Лидерлик, команда жана эмоционалдык интеллект — лидердин жолу» темасы башталат!

“ДаткАйым” Улуттук кампаниясынын алкагында жана 3 ЖАРАНKG курстун 3 модулдун алкагында-  2025 ж , 23- 31-октябрда, «Лидерлик, команда жана эмоционалдык интеллект — лидердин жолу» курс башталат!

Сабактардын форматы: онлайн, интерактивдик сессиялар, практикалар.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) «Жарандык платформа» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук уюму менен өнөктөштүк жөнүндө меморандумдун алкагында, Бишкектеги ЭККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен, гендердик теңчиликке, аялдардын саясий өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «ДаткАйым» улуттук кампаниясын ишке ашырууда.

Биргелешкен иш-чаралардын алкагында «Жарандык активдүүлүк: жеке өнүгүүдөн коомдук аракетке» аттуу курс башталууда жана ал «Лидерлик, команда жана эмоционалдык интеллект — лидердин жолу» темасынын алдында өткөрүлөт!

Кампаниянын бул бөлүгү коомдо, уюмда же саясатта өзгөрүүлөргө умтулган ар бир аялга зарыл болгон негизги лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Катышуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүшөт:
✨ Өзүнүн лидерлик стилин кантип калыптандыруу жана өзгөрүүлөр шартында адаптивдүү лидерликтин принциптерин колдонуу жолдорун;
🤝 Ишенимди жана мотивацияны сактоо менен натыйжалуу командаларды кантип түзүү жана шыктандыруу керектигин;
💫 Эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү, стресске туруштук берүү жана кыйын кырдаалдарда ички туруктуулукту сактоо жолдорун.

Ар бир сессияда теориялык бөлүктөр гана эмес, практикалык көнүгүүлөр, топтук талкуулар жана жеке ачылыштар менен бөлүшүү да каралган.

📍Бул этап кампаниянын жүрүшүндө ички күчтү, боорукерликти жана лидерликти айкалыштырып, айланадагы аялдарды колдоп, башкаларды жетектөө тууралуу болот.

Тренерлер:

Зауре Сыдыкова — жогорку даражадагы аналитик, баалоочу, тренер жана стратегиялык пландоо, мониторинг жана баалоо, ошондой эле «жумшак көндүмдөрдү» өнүктүрүү боюнча эксперт;

Чинара Биялиева — ф.и. к., жогорку класстагы аналитик, тренер, стратегиялык пландаштыруу, башкаруу, мониторинг жана баалоо жаатындагы эксперт.

Катышууга бардык каалоочулар — ар түрдүү тармактардагы аял-лидерлер, иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер, ошондой эле жарандык активисттер чакырылат.

Катышуу үчүн WhatsApp тайпасына кошулуп, каттоодон өтүшүңүздөр керек: https://chat.whatsapp.com/HSrhMxISYif1sbwSHlpuhH

Улуттук кампанияга катышуунун бардык этаптары (тандоо, окутуу, координация, иш-чараларга катышуу), ошондой эле башка маанилүү маселелер боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Кампаниянын Уюштуруу комитетине кайрылууңузду өтүнөбүз:

Айнура Усупбекова — «ДаткАйым» Улуттук Кампаниясынын координатору;
Зульфия Кочорбаева — Аялдардын Мыйзам Чыгаруу Демилгелер Альянсынын төрайымы.

Кошумча маалымат жана тактоолор үчүн адисибиз Айдай Тынчтыкбекке кайрылыңыз:
тел.: +996 (708) 511 241 (WhatsApp).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Иш убактысы

  • Понедельник09:00 - 18:00
  • Вторник09:00 - 18:00
  • Среда09:00 - 18:00
  • Четверг09:00 - 18:00
  • Пятница09:00 - 18:00
  • Субботавыходной
  • Воскресеньевыходной
Свежие комментарии

    Архивы