Новости школы

Групповой чат

Жарандык активдүүлүк: жеке өнүгүүдөн коомдук аракетке

Модуль 3 Улуттук «ДаткАйым» кампаниясынын алкагында ишке ашырылат жана аялдардын саясий жана коомдук турмушка ийгиликтүү катышуусу үчүн негиз болгон лидерлик сапаттарды жана «жумшак» көндүмдөрдү (soft skills) ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган.

Бул модулдун максаты – аял-лидерлерге системалуу жана жеке тоскоолдуктарды жеңүүгө, өз потенциалын ачууга жана шайлоо процессине активдүү катышууга, ошондой эле аткаруу бийлигинде жана ар кандай тармактарда лидерлик потенциалын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген практикалык инструменттерди сунуштоо. Окутуу ар бир катышуучуга жеке өнүгүүдөн коомдук активдүү аракетке ишенимдүү өтүүгө жардам берүүгө багытталган жана бул кампаниянын негизги милдети болуп эсептелет.

Ошондой эле белгилүү коомдук жана саясий ишмерлердин, БШКнын мүчөлөрүнүн жана эксперттердин коноктук лекциялары каралган.

Бул Модулду окуп бүткөндөн кийин катышуучулар төмөнкү билимдерди жана көндүмдөрдү алышат:

∙ Гендердик саясаттын негиздерин терең түшүнүү: Катышуучулар теңдик боюнча теориялык ыкмаларды так түшүнүп, эл аралык стандарттарды жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы аялдардын кыймылынын тарыхын үйрөнүшөт.

∙ Аялдардын лидерлигинин ролун түшүнүү: Бийлик теориясын жана аялдардын лидерлигинин мамлекеттик башкарууда жана өнүгүүдө өзгөчө салымын аңдап билишет.

∙ Юридикалык сабаттуулук: Катышуучулар өздөрүнүн шайлоо укуктарын өздөштүрүшөт, гендердик квоталарды ишке ашыруунун механизмдерин билишет жана шайлоолорду гендердик мониторинг жүргүзүү боюнча практикалык билимдерди алышат.

∙ Лидердин эффективдүү инструменттери: Катышуучулар критикалык ой жүгүртүү жана дизайн-мышление көндүмдөрүн өздөштүрүп, негизделген жана инновациялык чечимдерди кабыл ала алышат. Команда менен иштөө жана лидерлик көндүмдөрү өнүктүрүлөт.

∙ Коммуникацияны башкаруу: Катышуучулар идеяларын натыйжалуу жеткирүүнү үйрөнүшөт, ораторлук чеберчиликти жана коомдук сүйлөө көндүмдөрүн өздөштүрүшөт. Жеке брендди куруу жана нетворкинг боюнча компетенциялар калыптанат.

∙ Эмоционалдык туруктуулук жана өзүн өзү жөнгө салуу: Эмоционалдык интеллект принциптери, стресс-менеджмент, тайм-менеджмент жана кесиптик күйүп кетүүнүн алдын алуу ыкмалары үйрөнүлөт.

∙ Шайлоо кампаниясын жүргүзүү көндүмдөрү: Катышуучулар шайлоо программасын иштеп чыгуу, ЖМК менен натыйжалуу иштөө жана репутацияны башкаруу боюнча билимдерди алышат, анын ичинде маалыматтык чабуулдардан коргонуу жолдорун үйрөнүшөт.

∙ Санариптик компетенциялар: Катышуучулар калк менен иштөө жана идеяларын санарип мейкиндикте жайылтуу үчүн негизги инструменттердин бири катары SMMди өздөштүрүшөт.