Модуль 3: «Активдүү лидерлик: жеке өнүгүүдөн коомдук аракетке чейин» (2025-жылдын 7-октябры – 16-ноябр)
Модуль 3 Улуттук «ДаткАйым» кампаниясынын алкагында ишке ашырылат жана аялдардын саясий жана коомдук турмушка ийгиликтүү катышуусу үчүн негиз болгон лидерлик сапаттарды жана «жумшак» көндүмдөрдү (soft skills) ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган.
Бул модулдун максаты – аял-лидерлерге системалуу жана жеке тоскоолдуктарды жеңүүгө, өз потенциалын ачууга жана шайлоо процессине активдүү катышууга, ошондой эле аткаруу бийлигинде жана ар кандай тармактарда лидерлик потенциалын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген практикалык инструменттерди сунуштоо. Окутуу ар бир катышуучуга жеке өнүгүүдөн коомдук активдүү аракетке ишенимдүү өтүүгө жардам берүүгө багытталган жана бул кампаниянын негизги милдети болуп эсептелет.
Ошондой эле белгилүү коомдук жана саясий ишмерлердин, БШКнын мүчөлөрүнүн жана эксперттердин коноктук лекциялары каралган.
Бул Модулду окуп бүткөндөн кийин катышуучулар төмөнкү билимдерди жана көндүмдөрдү алышат:
∙ Гендердик саясаттын негиздерин терең түшүнүү: Катышуучулар теңдик боюнча теориялык ыкмаларды так түшүнүп, эл аралык стандарттарды жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы аялдардын кыймылынын тарыхын үйрөнүшөт.
∙ Аялдардын лидерлигинин ролун түшүнүү: Бийлик теориясын жана аялдардын лидерлигинин мамлекеттик башкарууда жана өнүгүүдө өзгөчө салымын аңдап билишет.
∙ Юридикалык сабаттуулук: Катышуучулар өздөрүнүн шайлоо укуктарын өздөштүрүшөт, гендердик квоталарды ишке ашыруунун механизмдерин билишет жана шайлоолорду гендердик мониторинг жүргүзүү боюнча практикалык билимдерди алышат.
∙ Лидердин эффективдүү инструменттери: Катышуучулар критикалык ой жүгүртүү жана дизайн-мышление көндүмдөрүн өздөштүрүп, негизделген жана инновациялык чечимдерди кабыл ала алышат. Команда менен иштөө жана лидерлик көндүмдөрү өнүктүрүлөт.
∙ Коммуникацияны башкаруу: Катышуучулар идеяларын натыйжалуу жеткирүүнү үйрөнүшөт, ораторлук чеберчиликти жана коомдук сүйлөө көндүмдөрүн өздөштүрүшөт. Жеке брендди куруу жана нетворкинг боюнча компетенциялар калыптанат.
∙ Эмоционалдык туруктуулук жана өзүн өзү жөнгө салуу: Эмоционалдык интеллект принциптери, стресс-менеджмент, тайм-менеджмент жана кесиптик күйүп кетүүнүн алдын алуу ыкмалары үйрөнүлөт.
∙ Шайлоо кампаниясын жүргүзүү көндүмдөрү: Катышуучулар шайлоо программасын иштеп чыгуу, ЖМК менен натыйжалуу иштөө жана репутацияны башкаруу боюнча билимдерди алышат, анын ичинде маалыматтык чабуулдардан коргонуу жолдорун үйрөнүшөт.
∙ Санариптик компетенциялар: Катышуучулар калк менен иштөө жана идеяларын санарип мейкиндикте жайылтуу үчүн негизги инструменттердин бири катары SMMди өздөштүрүшөт.
Тренерлер:
Зульфия Кочорбаева – «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору, белгилүү гендердик эксперт, жогорку класстагы аналитик.
Мира Карыбаева – Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелеринин альянсынын тең негиздөөчүсү, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, гендердик эксперт, жогорку класстагы аналитик.
Бактыгүл Исланбеков – «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин программалардын координатору, гендердик эксперт.
Зульфия Турумбекова – «Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору, аналитик, эксперт.
Зауре Сыдыкова – жогорку класстагы аналитик, баалоочу, тренер, стратегиялык пландаштыруу, мониторинг жана баалоо, «жумшак көндүмдөрдү» өнүктүрүү боюнча эксперт.
Чынара Биялиева – ф.и.к., жогорку класстагы аналитик, тренер, стратегиялык пландаштыруу, башкаруу, мониторинг жана баалоо боюнча эксперт.
Орозбай кызы Кайыргүл (Урумканова) – журналист, Кыргызстандагы алгачкы интернет-television «Govori.TV» негиздөөчүсү, Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (НТРК) директору, мурдагы КирТАГ агенттигинин башкы директору.
Модуль 3 сессияларынын темалары: «Активдүү лидерлик: жеке өнүгүүдөн коомдук аракетке чейин»
1-күн: ZOOM платформасында 2 академиялык саат (90 мүнөт) онлайн сабак өткөрүлөт.
| Дата | Время | Тема | Тренер |
| Бөлүм 1. Гендердик теңчилик жана аялдардын саясий катышуусу | |||
| 06.10.25 | 19.00 | Теңдикке жана социалдык айырмачылыктарга болгон мамилелер: түшүнүк жана практика | Исланбекова Бактыгуль |
| 08.10.25 | 19.00 | Аялдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча эл аралык стандарттар. Гендердик саясат жана улуттук гендердик мыйзамдар. | Исланбекова Бактыгуль |
| 10.10.25 | 19.00 | Аялдардын шайлоо укуктары жана саясий катышуусу, аялдардын лидерлигин колдоо, дүйнөдө жана Кыргызстанда гендердик квоталарды киргизүү тажрыйбалары | Исланбекова Бактыгуль |
| Бөлүм 2. Лидерликтин куралдары: Ой жүгүртүү, баарлашуу, команда түзүү | |||
| 23.10.25 | 19.00 | Лидерликтин негиздери. Адаптивдүү лидерлик | Биялиева Чинара |
| 27.10.25 | 19.00 | Команда түзүү: ынтымак жана өнүгүүнү башкаруу | Биялиева Чинара |
| 29.10.25 | 19.00 | Критикалык жана дизайн ой жүгүртүү : аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү.. | Биялиева Чинара |
| 31.10.25 | 19.00 | Эмоционалдык интеллект: эмоцияларды башкаруу жана стресс-түйшүккө туруктуулук | Биялиева Чинара |
| Бөлүм 3. Ийгиликтүү шайлоо кампаниясынын практикалык инструменттери жана медиа-коммуникациялар | |||
| 03.11.25 | 19.00 | ЖМК менен иштөө: маектешүүгө даярдык, кара пиардан, буллингден жана башкалардан коргонуу | Оозбай кызы Кайыргуль (Урумканова) |
| 05.11.25 | 19.00 | Коммуникация жана коомдук сүйлөө көндүмдөрү. «Ар бир колдо микрофон: кантип сүйлөсөңөр угулат» (ораторлук өнөр, ишкердик коммуникациялар). | Оозбай кызы Кайыргуль (Урумканова) |
| 11.11.25 | 19.00 | Социалдык тармактардагы жеке бренд: илгерилдетүү жана укуктук талаптарды сактоо | Семетей Аманбеков |
| 15.11.25 | 19.00 | «Шайлоо жана укук: шайлоо талаштарын жөнгө салуу механизмдери» | Турумбекова Зульфия |
| 16.11.25 | 19.00 | «Шайлоо процессиндеги адилеттик: комиссиялардын чечимдерин даттануу тартиби» | Турумбекова Зульфия |





Добавить комментарий